Словакия
Словак Республикасы | |||||
| |||||
Гимн: «Nad Tatrou sa blýska » | |||||
![]() | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 1-январь 1993-жыл | ||||
Расмий тили | словак тили | ||||
Борбор шаары | Братислава | ||||
Ири шаарлар | Братислава, Кошице, Нитра, Прешов, Жилина | ||||
Башкаруу формасы | парламенттик республика | ||||
Президент Премьер-министр |
Петер Пеллегрини Роберт Фицо | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. |
127-орун - дүйнөдө 49 034 км² 1,9 | ||||
Калкы • Бааланган (2024) • Жыштыгы |
5 422 194 адам (103-орун) 110 ад./км² (103-орун-дүйнөдө) | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы (2025) • Ар бир жанга |
256,710 млрд $ (70-орун) 47 440 $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
152,480 млрд $ (61-орун) 28 180 $ | ||||
АДӨИ | ▼0,855 (жогору) (45-орун) | ||||
Этнохороним | словак, словактар | ||||
Акча бирдиги | Евро (€) (EUR) | ||||
Домени | .sk жана .eu | ||||
ISO коду | SK | ||||
ЭОК коду | SVK | ||||
Телефон коду | +421 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +01:00 жайында +02:00 |
Словакия (словак. Slovensko), расмий аталышы Словак Республикасы (словак. Slovenská republika) — Борбордук Европада жайгашкан деңизге чыга албаган өлкө.
Түндүгүнөн Польша менен, түндүк-батышынан Чехия менен, чыгышынан Украина менен, түштүгүнөн Мажарстан менен, түштүк-батышынан Австрия менен чектешет.
Борбору — Братислава шаары. Мамлекеттик тили — словак тили.
Словакия — НАТОго жана Европа Бирлигине мүчө мамлекет[1][2].
Словакия тарыхында бир нече державалардын жана мамлекетердин курамыда болгон (Мисалы: VII кылымда Само мамлекетинин, XX кылымда Чехословакиянын курамында). II дүйнөлүк согуш жылдарында фашисттик Германияга көз каранды Словакия мамлекети болгон[3], ал 1945-жылы кайрадан Чехословакиянын курамына кирген.
Өлкөнүн көз карандысыздыгы 1993-жылдын 1-январында жарыяланган[4][5].
Этимологиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Словакия жөнүндө биринчи жазуу жүзүндөгү маалыматтар 1586-жылга таандык[6]. Бул аталыш чех. Slováky деген терминден келип чыккан. XV кылымда бул аталыштын немис тилиндеги нем. Windischen landen и нем. Windenland формалары кездешет[6].
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жайгашуусу жана чек аралары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Борбордук Европада жайгашкан деңизге чыга албаган тоолуу өлкө.
Словакиянын аянты 49 035 км². Чек арасынын узундугу 1 474 км барабар: Австрия менен — 91 км, Чехия менен — 197 км, Мажарстан менен — 676 км, Польша менен — 420 км, Украина менен — 90 км.
Түндүктөн түштүккө карай болжол менен 210 км, чыгыштан батышка карай — 430 км аралыкты ээлейт.
Климаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Словакиянын климаты континенталдык мүнөзгө ээ. Кышы суук жана кургак, жайы жылуу жана нымдуу. Жаан-чачындын эң көп көлөмү тоолуу аймактарда катталат. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү тоолордо 1000 мм ашат, ал эми түздүктү аймактарында жылына 500 мм аз. Братиславада январдага абанын орточо температурасы -1°C, июлдагы абанын орточо температурасы + 21°C[7].
Рельефи
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Словакиянын рельефи ар түрдүү жана тоо кыркалары, түздүктөр, өрөөндөр жана ойдуңдарды камтыйт. Өлкөнүн аймагынын көбүн Батыш Карпат тоолорунун бир бөлүгү болгон тоо кыркалары ээлейт[8].
Словакиянын түндүгүндө жана борбордук бөлүгүндө Карпат тоолорунун эң бийик бөлүгү — Бийик Татра тоолору жайгашкан. Бул аймак өлкөнүн эң бийик чекити болгон Герлаховски-Штит тоо сокусу (2655 м) менен белгилүү. Бийик Татра кооз жаратылышы, мөңгүлүү көлдөрү жана туристтик маршруттары менен айырмаланат. Бийик Татранын түштүгүндө Төмөнкү Татра тоолору жайгашкан[8].
Словакиянын батышында Кичи Карпат тоолору жайгашып, алар түштүктө Ортоңку Дунай түздүгү менен чектешет. Бул түздүк өлкөнүн түштүк-батыш бөлүгүн ээлеп, айыл чарба үчүн маанилүү аймак болуп саналат[8].
Словакиянын чыгышында Чыгыш Словакия түздүгү жайгашкан. Өлкөнүн түштүк чек арасы боюнча Дунай дарыясы агып өтөт, бул дарыя аркулуу Словакия менен Мажарстандын чек арасынын бир бөлүгү өтүп, маанилүү транспорттук коридор болуп саналат[8].
Пайдалуу кен-байлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Словакияда мунай, жаратылыш газы жана күрөң көмүр казылып алынат жана ички экономиканын керектөөлөрүнө жумшалат. Словакиядагы казылып алынган мунай ички муктаждыктарынын 1%, жаралыш газы 3%, күрөң көмүр 80% камсыз кылат. Энергетикалык ресурстардын таңсыздыгы Чехиядан керектүү заттарды импортто жолу менен жабылат.
Өлкөдө уран, таш көмүр жана сланец газынын запастары бар, бирок азыркы учурда аларды казып алуунун жана кайра иштетүүнүн баасы жогору болгондугуна байланыштуу иштетилбейт келет.
Өлкөдө руда эмес материалдардын ири запастары бар. Мисалы, магнезитти боюнча дүйнөлүк өндүрүштүн болжол менен 6% Словакияга туура келет. Мурунку учурларда Словакияда алтын, күмүш сыяктуу баалуу металлдар казылып алынып турган[9]. Азыркы учурда баалуу металлдар Ходруша-Хомре аймагында аз өлчөмдө өндүрүлүп келет[10].
Гидрологиясы (суу ресурстары) жана үңкүрлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калыбына келүүчү суу ресурстарынын жалпы көлөмү — 50,1 км² барабар. Дунайдан тышкары Словакиянын негизги дарыялары Ваг жана Грон. Словакияда көптөгөн минералдык булактар жана 4 миңден ашык үңкүрлөр бар. Братислава шаарынын айланасында эле ондон ашык табигый үңкүрлөр жайгашкан[8].
Флорасы жана фаунасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Токойлор өлкөнүн аймагынын дээрлик 40% ээлейт. Тоолордун күңгөй капталдарында жазы жалбырактуу (бук жана эмен) же аралаш токойлор жайгашкан, ал эми тескей капталдарында негизинен карагай жана пихтадан турган ийне жалбырактуу токойлор жайгашкан. Өлкөдө жазы жалбырактуу дарактар басымдуулук кылат (53%) — бук (31%) жана эмен (10%). Ал эми ийне жалбырактуу дарактардан эң көп түрү карагайлар (29%) жана пихталар (9%). Бийик тоолордо шалбаа өсүмдүктөрүн кездештирсе болот.
Бийик Татра тоолорунун аймагын аюулар, карышкырлар, сүлөсүндөр, суурлар, суусарлар жана ач күзөндөр байырлашат. Татар тоолорундагы коруктардын сыртында жашаган жаныбарлар аз. Коруктардын же жаратылыш парктарынан сырткы аймактарда жапайы жаныбарлар өтө сейрек кездешет. Айыл жергесинде бугу, кыргоол, кекилик, жапайы каз, илегилек (кунас), бүркүт жана карышкырлар сымал жаныбарлардын түрлөрүн кездештирсе болот[8].
Коргоого алынган жаратылыш аймактары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Улуттук парктар жаратылышты коргоо министрлиги тарабынан башкарылуучу коргоо аймактарынын жана объектилеринин тутумунун бир бөлүгү болуп саналат. 1949-жылдан 2002-жылга чейин тогуз улуттук парк түзүлгөн, парктар өлкөнүн жалпы аянтынын 6,5% ээлейт[11].
-
Татры
-
Словак бейиши
-
Словак Карст
-
Пенины
-
Төмөнкү Татры
-
Муранска Планина
-
Кичи Фатра
-
Чоң Фатра
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттер
- ↑ Европа Бирлигине мүчө мамлекеттер
- ↑ Холокост тарыхынын мемориалдык комплекси. Словакия
- ↑ Словакиянын эгемендүүлүк күнү
- ↑ Артка 1993-жылга: Словакия эгемендүүлүктүн биринчи жылын кантип өткөрдү
- ↑ 6.0 6.1 Uličný, Ferdinand. Toponymum Slovensko – pôvod a obsah názvu // Historický časopis. — Historický ústav SAV, 2014. — № 3. — С. 548. — ISSN 0018-2575.
- ↑ Seasons of the Year. Словакиядагы жыл мезгилдери
- ↑ 8.0 8.1 8.2 8.3 8.4 8.5 Словакиянын географиясы
- ↑ Словакиядагы Sturec Gold долбоору
- ↑ Statbase. Словакия. Күмүш казып алуу
- ↑ Словакиянын улуттук парктары
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Словак Республикасынын Өкмөтү
- Словак Республикасынын Президенти
- Словак Республикасынын Тышкы иштер министирлиги
- Словакиянын статистика бюросу
- Словакиянын улуттук расмий туризм порталы
Европа өлкөлөрү | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Австрия · Азербайжан¹ · Албания · Андорра · Беларусь · Бельгия · Болгария · Босния жана Герцеговина · Ватикан · Германия · Грекия · Грузия¹ · Дания · Ирландия · Исландия · Испания · Италия · Казакстан² · Латвия · Литва · Лихтенштейн · Люксембург · Мажарстан · Мальта · Молдавия · Монако · Черногория · Нидерланд · Норвегия · Орусия² · Польша · Португалия · Румыния · Сан-Марино · Сербия · Словакия · Словения · Түндүк Македония · Түркия² · Украина · Улуу Британия · Финляндия · Франция · Хорватия · Чехия · Швейцария · Швеция · Эстония | ![]() |
Таанылбаган жана жарым-жартылай таанылган мамлекеттер | Косово · Приднестровье | |
Көз каранды аймактар | Аланд аралдары · Гернси · Гибралтар · Жерси · Мэн аралы · Фарер аралдары · Шпицберген · Ян-Майен | |
¹ Европа менен Азиянын ортосундагы чек аранын өтүшүнө байланыштуу, негизинен же толугу менен Азияда. ² Негизинен Азияда. |
Европа бирлиги | ||
---|---|---|
Мүчөлөрү | Австрия • Бельгия • Болгария • Мажарстан • Германия • Греция • Дания • Ирландия • Испания • Италия • Кипр • Латвия • Литва • Люксембург • Мальта • Нидерланд • Польша • Португалия • Румыния • Словакия • Словения • Финляндия • Франция • Хорватия • Чехия • Швеция • Эстония | ![]() |
Расмий талапкерлери | Албания • Босния жана Герцеговина • Молдова • Грузия • Черногория • Сербия • Түндүк Македония • Түркия • Украина | |
Дараметтүү талапкерлери | Косово | |
Мурдагы мүчөлөрү | Улуу Британия |
![]() |
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |